KFC BATTLE эл аралык жаштар долбоорунун алкагында Кыргызстан биринчи жолу футбол жана башка өнөрлөр боюнча KFC эл аралык чемпионатына катышмай болду*. Бул тууралуу 20-февралда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Кыргызстанда KFC ресторандар түйүнүнүн өкүлчүлүгүнүн атынан Food Dream компаниясынын директору Павел Морозов билдирди**.
KFC BATTLE мелдешине катышууну каалагандардын табыштамасын расмий кабыл алуу башталды. Орусиянын 28 шаары, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрүнөн 100 миңден ашуун катышуучулардын башын бириктирген иш-чараны уюштуруучулары негизги басымын футболго жасамакчы, себеби спорттун бул түрүнө республикада көпчүлүк кызыгып, он миңдеген жаш кыргызстандыктардын башын бириктирет. Бир нече айдан бери футболго кызыгуу күчөдү. Футбол боюнча Кыргызстандык курама командасы Азия Кубогунун плей-оффуна жеткенден кийин споттун бул түрүнүн бедели кыйла өстү.
«Бул зор долбоор, ал жаштарга ар түрдүү тармакта өзүн көрсөтүп, кыялын ишке ашырууга жардам берет. Эң аз дегенде 2 миң жаш кыргызстандык спорт, ыр, чыгармачылык жана ашпозчулук өнөрүн өркүндөтүүчү долбоорлорго катышат. Жаштардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган биздин демилгени Кыргызстандын өкмөтү да колдоп берди, биз ага ыраазычылык билдиребиз», – деди Павел Морозов.
Бишкектен Москвага чейин!
Буга чейин айтылгандай, Кыргызстанда өзгөчө көңүл футболго берилмекчи. KFC BATTLE´га 200 жакын футбол командалары каташт. Тандоо оюндары Бишкектин түштүгүндө орун алган (Душанбинская көчөсү) «Динамо» стадионунда ар дем алыш күндөрү өтөт. Мелдештин финалы 2019-жылдын 4-майында Ала-Тоо аянтында өтүп, атайын бул иш-чарасы үчүн ал жерге футбол талаасы орнотулат.
Финалистер Бишкектен Москвага сапар артып, 2019-жылдын июль айында футбол боюнча KFC чемпионатынын суперфиналы өтмөкчү. Белгилей кетсек, жол акысын уюштуруучулар өз мойнуна алмакчы.
«Бул турган иш! KFC BATTLE´га катышкан 75 миң адамдын артынан профессионалдуу спорт дүнөсүнө кадам шилтөөнүн мыкты жолу», – дешет уюштуруучулар.
Футбол боюнча мелдешке тандоо шарттары кандай?
Футбол боюнча KFC BATTLE´га катышууга 5-7 оюнчудан турган (5 негизги жана 2 көмөкчү оюнчу) командалар катыша алат. Мелдеш шарты боюнча, бир командада экиден ашпаган профессионал оюнчу болушу керек. Катышуучулар үч категорияга бөлүнөт: 14 жаштан 16 жашка чейинки уландар, 14 жаштан 30 жашка чейинки айымдар жана 17 жаштан 30 жашка чейинки мырзалар. Кыргызстандын Футбол федерациясы профессионал оюнчу деп футзал боюнча топ-лига же суперлига өкүлдөрүн атайт.
Баста менен ырдайсыңбы? Оп-оңой!
Футболдон тышкары KFC BATTLE катышуучулары өзүн спорттун башка түрүндө да көрсөтө алат. Кыргызстан жаштары өз күчүн ыр, рэп жана бий сынактарын, же ыктыярчы болуп өз күчүн көрсөтө алат, же блогун көрсөтүп, ашпозчулук өнөрүн тартуулап, киберспорт же фоточеберчилигин көрсөтүп чемпион титулуна арзыйт.
KFC BATTLE´ге катышуу үчүн онлайн-табыштама калтырып, мелдеш тууралуу толук маалыматты долбоордун расмий сайтынан алса болот: https://www.kfcbattle.com.
Дарья Мартынова, KFC BATTLE долбоорунун жетекчиси: «Бул долбоор өз жашоосун жакшыртып, биринчи кадам жасоодон тайманбаган жаштар үчүн. Биз чек койбойбуз, бирок атайын регламент белгилеп, анын алкагында жеңүүчүнү объективдүү жол менен тандайбыз. Спорт мелдештерин көз карандысыз судьялар иликтеп, долбоор шарттары менен каалагандардын баары таанышса болот. Биз ар бир катышуучуга ишенип, долбоор алкагында алар зор тажрыйбага ээ болооруна көзүбүз жетет».
Футбол боюнча KFC BATTLE мелдешинин пири болуп 2019-жылы Евгений Савин – орусиялык футболчу, телеалып баруучу. комментатор жана блогер чыкмакчы. Орусиянын плй-лигасында ал дарбазага далай топ киргизген, ал эми азыр футболчулардын жашоосу жөнүндө баяндап, спорттун бул түрүн жан дилинен сүйөт. Ар түрдүү багыттар боюнча машыктыруучулар болеп атактыы адамдар Баста (рэп), Катя IOWA (вокал), Алексей Воробьев (ыктыярчы), Андрей Dread Голубев (киберспорт) жана башкалар чыкмакчы.
Белектерчи?
Белгиленген дисциплиналар боюнча жеңүүчүлөрдү мыкты белектер күтөт. Мисалы, футбол боюнча суперфиналдын чемпиондору Испанияга спорттук-билим берүүчүлүк сапарга жөнөп, долбоор өнөктөрүнөн белек алат. Мыкты рэп-аткаруучу Startup music жана «ВКонтакте» менен бир жылдык келишимге кол коёт, мыкты ырчы – «Биринчи музыкалык» телеканалы менен келишимге кол коёт, кал эми иберспортчулар Шанхайда өтүүчү Dota 2 боюнча ири мелдешке катышып, талантуу фотографтар жаңы моделдеги үч iPhone алат. “Ыктыярчы” багытындагы мыкты ойлорго 1 млн рубль берилет. Мыкты бийчи Европага жолдомо алат, ал эми ашпозчу Аркадий Новиковдун ашпозчулук мектебинде тажрыйба алат.
*KFC BATTLЕ – KFC брендинин споттук жана маданий-билим берүүчүлүк эл аралык долбоору. Бул өзгөчө аянтча жаштарга өз мүмкүнчүлүгүн ишке ашырып, күчүн көрсөтүп, тилектеш адамдарды табуу. 7 жылдын ичинде KFC BATTLE 750 миң катышуучуларды жана Орусия менен КМШ өлкөлөрүнүн 3 миң калктуу пункту менен 8 өлкөнүн башын бириктирди. Долбоор 20дан ашуун орусиялык жана эл аралык сыйлыктарга татыктуу болду. Кыргызстанда KFC Battle´дын расмий өкүлү болуп башка эл аралык бренд – PEPSI чыгып, ал RG Brands компаниясы тарабынан көрсөтүлгөн.
**KFC, Yum! Brands, Inc. (NYSE: YUM) компанияларынын бөлүмү – көп жылдык тарыхы жана инновациялары менен белгилүү болгон эл аралык ресторандык бренд, ал тооктон жасалган азыктарга адистешкен. Бренддин тарыхы полковник Харланд Сандерстен башталат, 75 жыл мурун ал 11 специя кошулган тооктун этинен жасалган азыкты ойлоп тапкан. Ал азыктын рецебин ал ашканасынын эшигине жазып койгон. Бүгүн KFC полковник Сандерс жараткан ийгилик формуласынын жазбай келет – тоок эти панировкаланып, атайын окутулган ашпозчулар аныдүнөнүн 135 өлкөсүндө KFC´нин 22 миң ресторанында жасайт.
Кошумча маалыматты 996 550 880 128 номурунан, ошондой эле KFC Кыргызстандын расмий баракачалы менен социалдык түйүндөрүнөн алсаңыз болот: Facebook https://www.facebook.com/kfckg/ и Instagram https://www.instagram.com/kfc.kg/.
Жарнама укугунда.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: