Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын кызматкери Абсалам Абдирайимовдун “Баткен таңы” гезитине берген маеги

“Ар бир жаран “Санарип аймак” тутумуна катталуусу зарыл”

Учурда Кыргыз Республикасынын бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 10-майдан 31-майына чейин “Санарип аймак” тутумуна жер-жерлерден каттоо (ар бир айылда) иш-чарасы өткөрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө Баткен облусунун 80 миңден ашуун үй чарбасы 100% катталды. Ал эми жарандардын 72,8%, тагыраагы 558 миң 652 жарандын ичинен, 406 миң 887си каттоодон өттү. Бул тууралуу КРнын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын өкүлү Абсалам Абдирайимов билдирди.

— Абсалам Абдрайимович, учурда “Санарип аймак” тутумуна жарандарды каттоо өнөктүгү кызуу жүрүп жатыптыр. Ушул туурасында кененирээк маалымат бере кетсеңиз?

— Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана аларды электрондук форматка өткөрүү боюнча масштабдуу иштер жасалып, бардык мамлекеттик мекемелер санариптик өнүгүүнүн пайдубалын түптөштү. Негизги максат — жарандарга сапаттуу жана ыңгайлуу шарт түзүү. Ошондой эле жер-жерлердеги муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрүү максатында «Санарип аймак» платформасын киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына «Түндүк» системасына кошулуу аркылуу башка мамлекеттик органдар менен маалымат алмашуусуна мүмкүндүк берет. Учурда “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борборунун адистери мамлекеттик кызматтарды түз алуу багытында жаңы порталды иштеп чыгышып, ошол боюнча иш жүрүүдө.

— Сиз айткан санарип тутумуна каттоо боюнча жарандарга толук маалымат жеткирүү максатында кандай аракеттер жүргүзүлүп жатат?

— Бул боюнча азыркы күндө бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 10-майдан 31-май айына чейин “Санарип аймак” тутумуна жер-жерлерден каттоо (ар бир айылда) иш-чаралары өткөрүлүп жатат. Өткөн жумада биздин агенттик тарабынан “Санарип аймак” тутумуна жарандарды жер-жерлерде каттоо иш чарасы менен тааныштыруу максатында “Санарип аймак” пресс турун уюштурдук. Иш чара Баткен шаарынын мэриясынын жана Баткен районунун Дара айыл аймагында өткөрүлдү. Алгач катышуучулар Баткен шаардык мэриясынын санариптештирүү ишмердүүлүгү жана шаар тургундарын “Санарип-Аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна каттоосу боюнча таанышып, кеңири маалымат алышты. Ошондой эле жарандарды каттоо процесси жана каттоо учурунда жаралган көйгөйлөр, маселелер, суроолор боюнча чакырылган ММКнын өкүлдөрү жеринде таанышып чыгышты. Иш-чаранын негизинде видеоролик жасалып, баардык социалдык тармактардан, вотсап группалардан таркатылып жана телеканалдардан көрсөтүлүп жатат.

— Айтсаңыз, санариптештирүүнүн артыкчылыгы эмнеде?

— Эң биринчиден жарандар мобилдик тиркеме аркылуу мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды онлайн алса болот. Бул аракет убарагерчиликти жоюп, убакытты үнөмдөө менен ыкчам жана сапаттуу кызматты камсыздай алат. Ошондой эле зарыл болгон маалыматтарды тоскоолдуксуз жана өз убагында алуу, коррупциялык факторлорду четтетүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, аймактагы калкты жана үй чарбаларын талаптагыдай эсепке алуу болуп саналат.

—Баткен облусу боюнча “Санарип аймак” тутумуна канча жаран катталды?

— Баткен облусунун аймагындагы 6 шаар жана 31 айыл аймактары “Санарип аймак” электрондук каттоо тутумуна толук туташкан. Бүгүнкү күндө облустун 80 миң 7 үй чарбасы 100% катталды. Ал эми жарандардын 72,8 %, тагыраагы 558 миң 652 жарандын ичинен, 406 миң 887си каттоодон өттү.

-“Санарип аймакка” катталуу үчүн кандай документтер керектелет?

“Санарип аймак” тутумунакатталуу үчүн жарандар өзү жашаган аймактагы айыл өкмотүнө, квартал башчыларына кайрылыш керек. Ал үчүн жарандардын үүнүн техникалык пасплрту,турак жайдын мамлекеттик акты үй-бүлө башчысынын паспорту, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ( паспорт, туулганы тууралуу күбөлүк) керектелет.

— Биз жанатан бери сөз кылып жаткан электрондук документтер юридикалык мааниге ээ боло алабы?

— Албетте ээ болот. Анткени Министрлер кабинети санарип документтерди кагаз түрүндөгүсүнө теңеп, 2022-жылдын 30-декабрынан тарта өлкөнүн бардык аймагында юридикалык жактан жарактуу кылып тааныды.

Санарип документтерди смартфонго орнотулган «Түндүк» тиркемеси менен мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийлик органдарына, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке тараптарга, ошондой эле жеке компанияларга көрсөтүүгө болот.

— Санариптик документтерди колдонуу үчүн эмне кылуу керек?

— Эң туура суроо болду. Ал үчүн идентификациялардын бирдиктүү системасында авторизацияланган болуш керек (Калкты тейлөө борборунан «булуттагы» электрондук санариптик кол коюуну алуу, бул акысыз), AppStore же PlayMarket интернет дүкөнүнөн «Түндүк” тиркемесин смартфонго жүктөө, «Булуттагы» электрондук санариптик коюлган колдун жардамында тиркемеде авторизациялануу жана «Санариптик документтер» бөлүмүнө өтүү керек.

— Электрондук форматка документтердин кандай түрлөрү киргизилген?

— Учурда «Түндүк» тиркемесинде азырынча паспорт, айдоочулук күбөлүк, транспорт каражатын каттоо жөнүндө аныктама жеткиликтүү. Жакынкы айларда электрондук документтердин тизмеси толукталып, ага туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, диплом жана пенсиялык китепче киргизилет.

Өлкөдөгү мамлекеттик жана жеке мекемелеринин баары санарип документтерди кабыл алууга даяр.

— Демек, бул жооптуу милдетти кайсы мекеме аткарат?

-Бул багытта Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги 8 министрлик, 10 ведомстволору жана 47 коммерциалык банктар менен “Санарип аймак” тутумунан “Түндүк” ведомстволор аралык маалымат алмашуу системасы аркылуу келишим түзгөн.

Азыркы учурда ЖӨБ органдарына сертификат орнотуу иштери “Инфоком” Мамлекеттик ишканасы менен биргеликте ишке ашырылууда. Бул сертификат менен ЖӨБОнын жооптуу кызматкери жеринен барып “Санарип аймак” тутумуна каттай алат. Ден соолугуна байланыштуу, айыл аймактын кеңсесине бара албаган жарандар, бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана алат.

Гүлчехра Тажибаева, “Баткен таңы”

Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.