BRICS өлкөлөрү космос жана кибермейкиндик тармактарында дүйнөлүк лидерлерге айланып, жасалма интеллект жаатында тыгызыраак кызматташып, протекционизмдин бардык түрлөрүнө каршы турушу керек.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бул тууралуу уюмдун Нью-Делидеги саммитинде билдирди.

“Дүйнөлүк соода уюму өзөгүн түзгөн көп тараптуу соода системасын колдоо жана протекционизмдин бардык түрлөрүнө каршы туруу зарыл”, — деп белгиледи ал.

Си Цзиньпин ошондой эле уюмга мүчө өлкөлөрдү жасалма интеллект жаатындагы кызматташтыкты чыңдоого чакырды.

Маалымат булагы yenisafak.com

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.