Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15 калктуу  конушту  айыл категориясына киргизүү боюнча долбоору КР Жогорку Кенешинин  жалпы  жыйынында каралып 3- окууда  колдоого алынды.

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Жетиген, Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Ак-Тилек, Умай-Эне, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Кызыл-Суу 2, Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын Сай-Бою, Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Жаңы-Арык жана Кырк-Казык, Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Биримдик, Ош облусунун Алай районунун Жошолу айыл аймагынын Кара-Токту, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагынын Достук, Сары-Колот айыл аймагынын Бөрүлүк, Ноокат районун Төөлөс айыл аймагынын Кара-Кечит, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат жана Боз-Ала, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айыл аймагынын Ак-Булуң калктуу конуштары айыл категориясына киргизилет.

Айыл категорияга  киргизуу менен  жарандарга  каттоого турганга,  инвестиция тартууга жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүгө шарт түзүлөт. Ошондой эле, аталган айылдарга айыл башчысын  дагы дайындаса болот.

The post “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы first appeared on Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики.

Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.