Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде географиялык аталыштар боюнча мыйзам долбоору каралды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик иштеп чыккан мыйзамдар тармактык комитетте 1-окуудан өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын ишке ашыруу максатында, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян жана № 331 аты жок мөңгүгө Король Абдулазиз географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө Мыйзам долбоорлору 2023-жылдын 30-майында КР Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттинде 1-окууда каралып, колдоого алынды.
Тактай кетсек, аталган мыйзам жогоруда көрсөтүлгөн тармактык комитетте дагы эки окуудан өткн соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алынып чыгат.
Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: