Ысык-Көлдө мектеп бүтүрүүчүлөргө келечекке туура багыт берүү максатында «Кесип кербени» өткөрүлдү. Аны билим берүү жана илим министрлиги уюштурду. Алгач пилоттук долбоор катары Каракол шаарындагы Т. Сатылганов атындагы жатак лицей интернаты тандалып алынганын министрликтин мектеп жана мектепке чейинки адиси Салтанат Омурканова билдирди.

Анын айтымында, “Кесип кербени” жаштар үчүн билим алуунун маанисин терең жеткирүү, карьералык жолду тандоо максатын көздөйт. Тренингдин жүрүшүндө психологдор катышуучулардын психотибин жана психотипке ылайык кесиптерди аныктоо боюнча төрт сааттык сессия-практикум өткөрдү. Андан соң, балдар менен Кыргызстандын иш рыногундагы муктаждыктарды эске алып, ЖОЖдордо билим алуу жолдору талкууланды.

«Биз мектеп бүтүрүүчүлөрдүн туура кесип тандоосуна Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып келе жатабыз. Маселен, кайсы бүтүрүүчү болбосун мектепти аяктап жатканда врач, юрист же адвокат болом деп чоӊ нерсени кыялданышат. Тилекке каршы окууга тапшыруу бизде жалпы респубдикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынан көз каранды. Ошондуктан тесттен жогорку балл албай калган күндө дагы коомчулукка керектүү электрик, столяр, маляр, конструктор-модельер деген кесиптерге кызыгууну өстүрүп жатабыз. Албетте ар бир окуучу өзүнүн кулк мүнөзүнө жараша багытты тандап, жыйынтык чыгарууга шарт болот”,-деди Омурканова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.