Ѳлкөдө 5 жылдан бери «Жайлоо өнүгүү борборлору» иштеп келүүдө. Быйылкы 2019-жылы да «Роза Отунбаеванын демилгеси, эл аралык коомдук фондусу» долбоорунун алкагында 100дөн ашык тоолу аймактарга бала бакча уюшулмай болду. Бул боюнча экс-президент Роза Отунбаева Ысык-Көлдөгү эки күндүк иш чарада билдирди.

Маалыматка ылайык, жайлоо бала бакчаларды уюштуруу балдардын когнитивдик жана психосоциалдык (кем) өнүгүшүн көздөйт. Андан сырткары, келечектүү эмгек рыногунда жеткинчекти комплекстүү өнүктүрүүгө багытталат.

«Балдар деген биздин келечегибиз, азыр жеткинчектердин интеллектуалдык жөндөмдүулүгүн өнүктүрүү зарыл. Анткени ата-энелер көп балалуу болуп, барган сайын жандуу, жаш эли мамлекет болбойт экенбиз. Ошондуктан 2014-жылдан бери иштелип келе жаткан долбоорубуз уланыш керек. Алгач, “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорунун ишмердүүлүгү, өзгөчөлүктөрү, ийгиликтери, кемчиликтери боюнча аналитика берген соӊ, ишти баштоо керек»,- деди Отунбева.

Эске сала кетсек «Роза Отунбаеванын демилгеси, эл аралык коомдук фондусу» долбоорду 2014-жылы демилгелеген. Төрт жылдын ичинде тоолуу райондордо жашаган малчылардын 9100дөн ашык балдарын ара тараптан өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү. 2014-жылы республиканын региондорунда – 35, 2015-жылы – 87, 2016-жылы – 117, 2017-жылы – 98, 2018-жылы – 102 Жайлоо өнүгүү борборлору ачылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.