Ысык-Көл районундагы 30 мектеп электрондук системага өттү. Бул тууралу райондун акими Данир Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, “Акылдуу мектеп” долбоору окуучулар менен ата-эненин жана мугалмдердин тыгыз байланышын түзөт. Системага каттоо жана жетишкендиктер, сабактын темасы жана үй тапшырмасы, сабактын расписаниесы, электрондук журнал жана күндөлүк кирет.

“Бул системанын биз долбоордун негизинде киргизип жатабыз. Анын алкагында, мектептеги мугалим менен ата-эненин ортосундагы байланыш бекемдейт. Анткени, окуучу тууралу балардык жетишкендикттери жана кемчиликтер туурасында маалымат электрондук системага өтөт. Ата-энелер каалаган жеринен түздөн түз баласы тууралу интернет аркылуу маалымат ала алат. “- деди Иманалиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.