2019-жылдын I-чейрегинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКун КР бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 1,51 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу ишкананын отчетунда көрсөтүлгөн.
“Кумтөрдүн” дүң кирешеси $10 млн 947 миң 177 түзүп, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымы $2 млн 043 миңден ашты. Экологиялык төлөм $310 миң долларды түздү. Жалпы төлөмдөрдүн суммасы 929 млн 028 миң 179 сомду түздү.
Ишкананын калган төлөмдөрү:
- кызматкерлердин кирешесине салык – 101 млн 803 миң 525 сом;
- КРдын Социалдык фондуна төлөмдөр – 461 млн 734 миң 642 сом;
- Бажы төлөмдөрү – 4 млн 353 миң сом;
- резидент эместердин кирешесине салык – 4 млн 368 миң 386 сом;
- башка салыктар жана милдеттүү которуулар – 9 млн 761 миң 878 сом.
Бул төлөмдөрдүн жалпысы 582 млн 021 миң 431 сомду түздү.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: