2019-жылдын I-чейрегинде «Кумтөр Голд Компани»  ЖАКун КР бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 1,51 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу ишкананын отчетунда көрсөтүлгөн.

“Кумтөрдүн” дүң кирешеси $10 млн 947 миң 177 түзүп, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымы $2 млн 043 миңден ашты. Экологиялык төлөм $310 миң долларды түздү. Жалпы төлөмдөрдүн суммасы 929 млн 028 миң 179 сомду түздү.

Ишкананын калган төлөмдөрү:

  • кызматкерлердин кирешесине салык – 101 млн 803 миң 525 сом;
  • КРдын Социалдык фондуна төлөмдөр – 461 млн 734 миң 642 сом;
  • Бажы төлөмдөрү – 4 млн 353 миң сом;
  • резидент эместердин кирешесине салык – 4 млн 368 миң 386 сом;
  • башка салыктар жана милдеттүү которуулар – 9 млн 761 миң 878 сом.

Бул төлөмдөрдүн жалпысы 582 млн 021 миң 431 сомду түздү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.