🌾Айыл чарбасына байланыштуу кызматтарды алуу үчүн убактыңызды кезекке жана ашыкча кагаз иштерине коротпоңуз.

📲 iDyikan – дыйкандын санарип жардамчысы.

📲Тиркеме аркылуу айыл чарба тармагындагы кызматтарды, мамлекеттик колдоо чараларын, жеңилдетилген каржылоо программаларын жана тармактык сервистерди бир жерге бириктирген санариптик платформа.

Эми сиз:

✅ керектүү кызматты онлайн тандап;

✅ электрондук арызды толтуруп, жөнөтө аласыз;

✅ маалыматтарды кайра-кайра кагаз түрүндө алуу жана тапшыруу зарылдыгын азайтасыз;

✅ арызыңыздын абалын жеке кабинетиңизден онлайн көзөмөлдөйсүз.

Убактыңызды үнөмдөңүз. Ишиңизди жеңилдетиңиз.

📲 Тиркемени Google Play https://play.google.com/store/apps/details…

же Appstore https://apps.apple.com/kg/app/idyikan/id6808471835?l=ru дон жүктөп, Түндүк же жеке почтаңыз аркылуу катталып өтүп, өзүңүзгө керектүү кызматтарды бир жерден пайдаланыңыз.

iDyikan – айыл чарбадагы мүмкүнчүлүктөр бир жерде! 🌾

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.