Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Манас шаарынын жана Сузак районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, үстүбүздөгү жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүктүн натыйжалары, ошондой эле жаңы долбоорлорду ишке ашыруу пландары менен таанышты.
Мамлекет башчысына социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу, турак жай курулушун өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, жол жана инженердик инфраструктураны жаңылоо, ошондой эле аймактагы көйгөйлөр жана мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалымат берилди.
Отчеттук мезгилде Манас шаарында «Достук» паркынын аймагындагы «Даңк» аллеясы, Т. Тайгараев атындагы аймактык башкармалыкка караштуу Камандар айылындагы жаштар үчүн заманбап спорт залы жана жаңы автобекет пайдаланууга берилди.
Жол-транспорттук жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү багытында 2026-жылдын тогуз айында 45 чакырым жол асфальтталып, 9,8 чакырым тротуар төшөлгөн жана 8 чакырым аралыкка көчө жарыктандыруусу орнотулган. Мындан тышкары, 31,99 чакырым суу түтүгү жана 11,8 чакырым канализация тармагы тартылып, 2,3 чакырым темир-бетон суу агызуучу лотоктор курулган.
Билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү иштери уланууда. Б. Осмонов атындагы № 5, Э. Арапбаев атындагы № 16, Ж. Болотов атындагы № 21 мектептер жана «Акылман» президенттик лицейи пайдаланууга берилди. Ошол эле учурда жалпы 2 400 орунга ылайыкталган беш жалпы билим берүүчү мектептин жана 250 орундуу эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Үч мектепте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Саламаттык сактоо тармагында медициналык туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын катарында Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборун жана Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасын куруу бар.
Спорт жана маданият тармагындагы ири долбоорлордун катарына 5 200 орундуу көп функционалдуу спорт сарайын жана Манас шаарынын тарыхый музейин куруу кирет.
«Жашыл мурас» улуттук программасынын алкагында насостук станцияны, суткалык жөнгө салуучу резервуарды, магистралдык суу түтүгүн жана ирригациялык тармактарды куруу долбоору ишке ашырылууда.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурулду. Шаарда 5,4 га аянтты ээлеген «Жеңиш» паркын реконструкциялоо аяктап, ал «Манас Парк» деген аталыш менен ачылды. Долбоорго 525 млн сом жеке инвестиция тартылган.
Көк-Арт аймактык башкармалыгында 22,5 га аянтты ээлеген муниципалдык базардын курулушу жүрүп жатат. Долбоорду ишке ашырууга 5 млрд сом инвестиция тартылган.
Турак жай курулушу да активдүү өнүгүүдө. 1 140 батирге ылайыкталган «Асман-Резиденс-7» жана 600 батирлүү «Асман-Резиденс-8» ипотекалык турак жай комплекстеринин курулушу аяктады. «Асман-Резиденс-1, 2, 3» комплекстеринде 1 224 батир пайдаланууга берилди. Учурда жалпы 5 320 батирге ылайыкталган «Асман-Резиденс-9, 10, 12, 13, 16, 17» комплекстеринин курулушу уланууда.
Өнөр жай тармагында Т. Тайгараев атындагы аймактык башкармалыкта 220 млн сом инвестициянын эсебинен металл конструкцияларын чыгаруучу завод курулду. Мындан тышкары, шаарда «Тойбос» компаниясынын заводунун курулушу жүрүп жатат. Долбоорго 175 млн сом жеке инвестиция тартылган.
2027-жылга жана андан кийинки мезгилге мэрия бир катар ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда. Алардын арасында Аюб-Тоо аймагында көп функционалдуу эс алуу жайын жана этнокомплекс куруу, «Манас Сити» турак жай шаарчасын түзүү, ошондой эле Шор-Булакта курорттук комплекс куруу бар.
Башка пландардын катарында 30 заманбап автобус сатып алуу, муниципалдык күнөскана комплексин куруу, көчө жарыктандыруусун жаңылоо, коммуналдык кызматтар үчүн атайын техникаларды сатып алуу, ошондой эле өнөктөштөр менен биргеликте фуникулёр жана родельбан куруу каралган.
Сузак районунда 2021–2026-жылдары 25 мектеп жана 12 бала бакчаны кошкондо, жалпысынан 60 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди.
Өнөр жай тармагында 880 млн сом инвестиция салынып, 70 жумуш орду бар гипсокартон чыгаруучу заводду куруу, ошондой эле 225 млн сом инвестиция тартылып, 30 жумуш орду түзүлгөн мунайды кайра иштетүү ишканасын куруу долбоорлору ишке ашырылды.
Көрсөтүлгөн мезгилде райондо 305,8 чакырым жол асфальтталып, 137 чакырым тротуар төшөлүп, 49 чакырым суу түтүгү жана 28 чакырым канализация тармагы тартылды.
Турак жай тармагында «Асман-Резиденс-4, 5, 6» ипотекалык турак жай комплекстери пайдаланууга берилди.
Учурда райондо бир катар ири объектилердин курулушу уланууда. Алардын катарында «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу, «Жалал-Абад» эл аралык аэропорту, Сузак айылындагы муниципалдык базар жана Кызыл-Туу айыл аймагындагы мал базары бар.
Маалымат берүү учурунда райондогу актуалдуу көйгөйлөрдүн бири – Кара-Дарыянын оң жээгинде узундугу 8,8 чакырым болгон коргоочу дамба куруу зарылдыгы да белгиленди. Дамбаны куруу райондун алты айылындагы 580 турак үйдүн, беш социалдык объекттин жана 680 га айыл чарба жеринин коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.
Берилген маалыматты угуп чыгып, Президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон каржылык каражаттар бөлүнөрүн белгиледи.
Маалымат булагы president.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: