Каракол шаарындагы 14 бала бакча ар бир баланын тамак-ашы үчүн бааны 10 сомго көтөргөн. Мындан улам ата-энелер массалык түрдө нааразычылыгын билдиришти. Алардын бири Замира Оторбаева шаардык билим берүү бөлүмүнүн бааларды жогорулатуу талабы мыйзамсыз экенин айтып, төлөөдөн баш тартты.

“Менин уулум Каракол шаарындагы №12 бала бакчада тарбияланат. Азыркы күнгө чейин айына 525 сом төлөп келсек, бакчанын жетекчилиги ушул айдын башталышы менен 735 сомго көтөрүлөт деди. Бүгүнкү күндө мындай чечимге бардык ата-энелер нааразыбыз. Анткени биздин Караколдун айлык маянасы өтө аз. Экинчиден балдар тамак-аш жагынан эмнеге муктаж болуп жатканын биз менен кеӊешсе болмок. Мисалы бир үй бүлөдө 2-3 төн бала мектепке чейин тарбияланат. Алар үчүн төлөмдөр оор болуп калат”,-деди ал.

Ал эми шаардык мэрия балдардын тамак ашына болгон төлөмдү жогорулатуу боюнча эч кандай чечим чыкпаганын кабарлайт. Шаардык билим берүүнүн бул иш аракети мыйзамсыз жүргүзүлдү. Эми тиешелүү чаралар билим берүү министрлигине жөнөтүлөрүн вице-мэр Гүлназ Орозова кабарлады.

“Негизи билим берүү бөлүмү бизге бааны көтөрүп бергиле деп кайрылуу жасаган. Бирок, биз муну тиешелүү деӊгээлде карап көрөбүз деп жооп бергенбиз. Булар эч кандай иш кагаздар даяр боло электе өз алдынча 10 сомго көтөрүп салышыптыр. Азыркы күндө кайрадан мурдагы баага токтоду, ата-энелерге, бала бакчанын жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Эми тиешелүү чараны биз колдоно албайбыз, эгер мыйзамсыз баа көтөрүү иши билим берүү тарабынан кетсе, министрликке сунуш беребиз”, – деди Орозова.

Белгилей кетсек, Каракол шаарындагы бала бакчада тарбияланган бир балага мамлекет күнүнө 18 сом бөлсө, ата-энелер 25 сомдон төлөп келишкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.