Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматы
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт:
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
4.Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
5.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1.1.Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери анын ичинен гидрометеорология, метеорология, гидрология, география, жаратылышты колдонуу жана экология; физика-математика илимдери анын ичинен физика, математика.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
-метеостанциялардын жана посттордун түйүндөрүнөн метеорологиялык байкоолордун түрлөрүн өндүрүүнүн жана уюштуруунун принциптерин билүүсү керек, метеорежимди үйрөнүүдө кабыл алынган жаңы усулдарды мыктылоо үстүндө үзгүлтүксүз иш алып барууну билүү;
-Кыргызгидромет тарабынан бекитилген инструкцияларын, ыкмаларын жана тартибин билүү;
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоону билүү;
-аналитикалык документтерди даярдоону билүү;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташууну билүү;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүү;
-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
3.3.Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.
1.2.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: англис тилин эркин сүйлөө менен гуманитардык илимдери анын ичинен эл аралык мамилелер, чыгыш таануу, лингвистика, аймак таануу, европа таануу, кытай таануу, англис тили, юриспруденция; табият таануу илимдери анын ичинен жаратылышты колдонуу жана экология, гидрометеорология. Жогорудагы аталган адистиктер боюнча кошумча жана экинчи билими кубатталат.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы №255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө” токтомун, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгууну билүү;
-түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүүнү билүү;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында көрө билүү;
-алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү билүү;
-англис тилинде иштиктүү кат алышууну билүү;
-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
-мекемелер аралык өз ара аракеттенүү;
-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3. Көндүмдөрү
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу көндүмү;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды иш жүзүндө колдоно билүү;
-презентация ыкмаларын билүү жана долбоорлорду иштеп чыгуу (инновациялык, инвестициялык);
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү.
1.3.Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери анын ичинен гидрометеорология, метеорология, гидрология, география, жаратылышты колдонуу жана экология; физика-математика илимдери анын ичинен физика, математика; айыл чарба илимдери анын ичинен агрохимия жана агрожер кыртышын таануу, агрономия, агроинженерия; техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология анын ичинен колдонмо гидрометеорология, техносфералык коопсуздук, гидротехникалык курулуш.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоону билүү;
-стандарттык жана адистештирилген программалык камсыздоонун ишин камсыз кылууну билүү;
-агрометеорология бөлүмүнүн ишин автоматташтыруу үчүн программалырды түзүүнү билүү;
-станциялардан жана посттордон келип түшкөн кышкы жана жазгы КСХ-1, 2, 3 талаа китепчелерине, ТСХ-1, 4, 6 жадыбалына, режимдик материалдарга сын көз менен көзөмөл жүргүзүүнү билүү;
-станциялардан келип түшкөн агрометеорологиялык маалыматтардын негизинде материалдарга талдоо жүргүзүүнү билүү;
-аналитикалык документтерди даярдоону билүү;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташууну билүү;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
3.3.Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.
1.4.Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билими, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери анын ичинен география, жаратылышты колдонуу жана экология, метеорология, гидрология, картография жана геоинформатика, жер кыртышынын билими, гидрометеорология; физика-математика илимдери анын ичинен физика; жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология анын ичинен техносфералык коопсуздук, колдонмо гидрометерология, өзгөчө кырдаалдардагы коргонуу, гидротехникалык курулуш; геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү анын ичинен тоо иштери, колдонмо геология; метериал таануу, металлургия жана машина куруу анын ичинен металлургия; маданият жана исскусство анын ичинен китепкана таануу жана документ жүргүзүү.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө” жобону.
3.2. Билгичтиги:
-«ERDAS» программасын билүү;
-«ArcGIS» программасын билүү;
-«ArcCatalog» и «ArcMap» программалары менен иштөөнү билүү;
-Кыргызстандын көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарынын кар катмарынын картасын түзүүнү билүү;
-мөңгүлөрдүн, жырылып кетүү коркунучу бар көлдөрдүн жана бийик зоналардагы кар катмарынын аянттарынын эсебин чыгарууну жүргүзүүнү билүү;
— -аналитикалык документтерди даярдоо;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташууну билүү;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүну билүү;
-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
3.3.Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.
Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1.1.Кесиптик билимдин деңгээли:
-билими жогорку кесиптик, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика жана башкаруу, экономика, финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит, бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук, финансы жана кредит.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— эмгек стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
-Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
-Кыргыз Республикасынын “Бухгалтериялык эсеп жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрнын №137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчёттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун.
3.2. Билгичтиги:
-“1С бухгалтерия” программасын жогорку деңгээлде билүү жана сертификатынын болуусу.
-“1-С” бухгалтерия программасы менен иш жүзүндө иштөөдөгү көндүмдөрү;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткарууну билүү;
-документтерди, маалыматтарды, суроо талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоону билүү;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоону билүү;
-командада иштөө.
3.3.Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
-жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
-паспорттун көчүрмөсүн;
-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
-сунуш каттарын (мүмкүн болушунча).
Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2023-жылдын 11-мартынан 22-мартына чейин жарыя чыккан күндөн тартып төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Бишкек шаары, Керимбекова көч., 1, Кадрлар жана иш кагаздар бөлүмү 1-кабат, каб. 2 тел.:0312 314699, 316290.
Толук маалыматты КР ӨКМнин (www.mes.gov.kg), Гидрометеорологиялык кызматынын (www.meteo.kg) сайттарынан алса болот.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Подписывайтесь на нас в FB:

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: