Кыргызстандын аймактарын ɵнүктүрүү – ɵлкɵ саясатынын негизги багыты болуп калды. Мамлекеттин ушул саясатын министрлик жана мекемелер гана эмес, бей мамлекеттик тармактар да ишке ашыра баштады. Бул максатка жетүү үчүн кыргызстандык ишкерлердин туруктуу иштɵɵсүн камсыздаган жагымдуу шарт түзүп, кластердик ыкманы колдонуу керек.
Кластерлер – кайта иштетүүчүлɵр, ɵндүрүүчүлɵр жана ар түрдүү кызмат кɵрсɵтүүчү ишкерлердин туруктуу жыйындысы. Мына ушундай чечимди Россия-Кыргыз ɵнүгүү фонду сунуштайт. Ɵнүктүрүү институту катары, ал ЕАЭК ɵлкɵлɵрүнɵ болгон экспортто ɵз ордун ээлей турган атаандаштыкка туруштук береген бизнес-коомчулугун түзүүгɵ жардам бере алат. Бул тууралуу жана экономиканы ɵнүктүрүүдɵгү кластердик ыкма жɵнүндɵ биз кластердик чынжырчага катышкан бир катар министрликтердин эксперттери менен маек курдук.
Айыл-чарба министрлигине караштуу Суу чарбачылыгы жана мелиорация департаментинин жер иштетүү, үрɵн ɵстүрүү жана органикалык айыл-чарбачылыгы бɵлүм башчысы Жигиталы Жумалиевдин айтымында, кластелер бир нече тармакты ɵнүктүрүүгɵ жардам берет. Аларга айыл-чарба ɵндүрүүчүлɵрү, кабыл алуу пункттары, кайта иштетүүчү ишканалар, логистикалык борборлор, соода түйүндɵрү жана сатып алуучулар кирет. Алар техникалык паспорт жана унаа менен камсыздалышы керек.
«Кластерге ар түрдүү тармактагы ишканалар кирет. Бул маселени жалпы караштыруу керек. Кластерге сɵзсүз түрдɵ коммерциялык банктар же РКƟФ сыяктуу каржылык уюмдар кириши шарт. ЖОЖдо билим алган адистердин катары такай толукталып турса сонун болмок», – дейт Жумалиев.
Жумалиев билдиргендей, кластердик ыкманы ишке ашыруу аркылуу азыктардын сапатын жакшыртып, жаңы иш орундарын ачып, ɵндүрүштү жогорулатып, товарлардын экспортун камсыздамак. Майда дыйкандар ɵз азыктарын туруктуу түрдɵ сатуу мүмкүнчүлүгү жаралмак. Экологияга болгон таасирди болушунча азайтуу үчүн органикалык айыл-чарбачылыгына ɵтүүнү да тездемек.
«Кластердик ыкмада айыл-чарба ɵндүрүүчүлɵрүнɵ инвестициялар, гранттар жана жеңилдетилген насыялар керек. Учурда Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтү жана РКƟФ тарабынан жеңилдетилген насыялар берилип жатат. Мына ушундай аспаптарды ɵнүктүрүү керек. Ошондо гана биз ɵз азыктарыбызды ЕАЭК аймагында сатуу мүмкүнчүлүгүн алабыз», – дейт ал.
Жигиталы Жумалиевдин сɵзүнɵ Каржы министрлигинин Стратегиялык пландаштыруу жана аймактарды ɵнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Айбек Кадыров да кошулат. Анын пикиринде, кластердик саясатты ишке ашыруу аркылуу инновацияларды алдыга жылдырууга ɵбɵлгɵ түзүлɵт, себеби компаниялар технологиялык процессти жакшыртуу боюнча заманбап, алдыңкы маалыматтан пайдалана алат. Кластерлерде жаңы фирма ачууга жеңилдетилген шарттар каралып, ɵндүрүш жана товарлардын жаңы түрүн чыгарууга шарт түзүлɵт.
«Кластерлер кичи жана орто ишкерлердин ɵнүгүүсүнɵ жагымдуу шарт түзɵт, себеби ири компаниялар алардын технологиясына ылайыкташтырылган ирегелеш ɵндүрүшкɵ муктаж, бул чоң эмес фирмалар үчүн ичтүү рынокту жаратат. Дүйнɵлүк тажрыйба кɵрсɵтүп тургандай, ɵлкɵдɵ кластерлер канчалык ɵнүккɵн болсо, калктын жашоо деңгээли жана ишканалардын атаандаштыкка туруштук берүүсү да ошончолук жогору болот», – дейт башкармалык жетекчиси.
Кадыров белгилегендей, кластерлерди ишке ашыруу үчүн мекеме айыл-чарба тармактары, тикмечилик жааты, туризм чɵйрɵсүнүн мүмкүнчүлүктɵрү боюнча баштапкы анализ жүргүзүп чыкты. Ɵндүрүштүк жана чийки зат кубаттуулугу, экспорттук мүмкүнчүлүктɵр, кластерлер ɵндүрүш кɵлɵмүн кɵбɵйтүүгɵ кандай таасир тийгизээри иликтенди. Алгачкы маалымат боюнча, кластерлерди Чүй жана Ош дубандарындагы тигүү тармагында колодонсо, 20 миңге жакын кыргызстандык иш орундары менен камсыздалаары белгилүү болду.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: