КР мамлекеттик бийлик органдарында паракорлукка каршы күрөшүү алкагында жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде, УКМК ККК тарабынан Баткен областынын Баткен райондук прокурорунун орун басары “Т.Т.” пара талап кылып жаткандыгы боюнча факты аныкталган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2019-жылдын 13-январында Баткен шаарынын ИИБ тарабынан Өзбекстан Республикасынын жарандары “У.Н.” жана “А.Ф.” ижарага алган үйдө өрт чыккан фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш катталган.

Соттук-өрт-техникалык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, өрттүн себеби электр зымдарынан деп табылган.

2019-жылдын 2-февралында бул факт боюнча Баткен шаарынын ИИБ КР Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 2-п. 1-б. боюнча (кылмыш курамынын жоктугу) жана ошондой эле 27-февралда кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлугүн аныктоо үчүн Баткен райондук прокуратурасына өткөрүлгөн. Бул материалды кароо Баткен райондук прокурорунун орун басарына тапшырылган.

2019-жылдын 12-мартында “Т.Т.” материалдык байуу максатында Өзбекстан Республикасынын жараны “У.Н.” жумуш кылганга уруксат берүүчү документтери жок деген шылтоо менен чакырып, маселени оң жагына чечип берүү үчүн 30 миң сом акча каражатын талап кылгын.

2019-жылдын 14-мартында “У.Н.” Башкы прокуратурага кайрылган арызынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлгөн.

2019-жылдын 16-мартында КР Башкы прокуратурасынын өздүк коопсуздук жана ички тергөө бөлүмү тарабынан биргеликте өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө, Баткен райондук прокуратурасынын орун басары “Т.Т.” 20 миң сом пара алып жаткан кезинде кармалды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө-камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.