13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Абек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Депутаттардын чечимине жараша премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевбуйругу менен ал мэрди иштен алган. Мыйзам боюнча, буйрук Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөндөн кийин, жаңы мэр 20 күндүн ичинде шайланат. Бул тууралуу БШК маалымдады.
Мэрдин кызматына кеңештеги фракциялардын өкүлдөрү талапкер боло алат. Шайлоого 5 күн калганда талапкерлер катталып, мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүшөт.
Бишкектин жаңы башчысын шаардык кеңештин депутаттары шайлайт.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: