Саламаттык сактоо мекемелериндеги медикаменттердин запасынын көлөмү жана дарыканалардагы баалар тыкыр көзөмөлдөнүшү зарыл. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде билдирди.
Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тараптан даярдалган COVID-19 үчүнчү толкунуна даярдык көрүү боюнча план жер-жерлердеги реалдуу муктаждыктарды чагылдырбайт.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдагандай, учурда аймактарда кошумча койко-фонддорду ачуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Биринчи баскычта, планга ылайык, 3500 орун даярдалат, анын 500 ашуун оруну – интенсивдик терапия палатасында, дагы кошумча 3400гө жакын орун ачылат.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ведомствого төмөнкүлөр тапшырылды:
- бир жумалык мөөнөттө Дары-дармек каражаттары жана медициналык жабдуулар менен камсыздандыруу департаменти менен биргеликте фармацевтикалык продукция жеткирүүчүлөр менен дары-дармектерди жана жеке коргонуу каражаттарын коронавирустук инфекцияны диагностикалоо жана дарылоо боюнча 4-клиникалык жетекчиликке ылайык үзгүлтүксүз ташып келүү планын толуктап иштеп чыгуусу, мында макулдашылган ташып келүү мөөнөтү бузулган учурда жоопкерчилик аныкталсын;
- коронавирустук инфекция боюнча түзүлүп жаткан эпидемиологиялык абал, ошондой эле башка оуттуу оорулар боюнча көзөмөлдү күчтөндүрүү;
- Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептерде сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияларга каршы ыктыярдуу вакцинациялоо боюнча малыматтык кампания жүргүзүүсү;
- Экономика жана финансы министрлиги менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө катталуучу окуялардын болжолдуу санын көрсөтүү менен өлкө аймагындагы коронавирустук инфекциянын үчүнчү толкунунун ыктымалдуу датасы боюнча маалымат киргизүүсү.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө төмөнкүлөр тапшырылды:
- тийиштүү аймактардагы аптекалык тармактарда дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын запасы боюнча абалды үзгүлтүксүз негизде көзөмөлгө алуу жана андагы бааларга мониторинг жасоо;
- бир жумалык мөөнөттө республиканын мектептеринде жана балдар бакчаларындагы убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышы тууралуу маалымат берүү.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: