Бишкектин Октябрь райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевди саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевге 300 миң сомд компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы билдирди.
Доочу саясатчылар, экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалы менен курган маегинде ар-намысына шек келтирген деп, 18 миллион сом өндүрүү берүүнү өтүнүшкөн.
Бүгүн, 28-февралда сот компенсацияны төлөр берүү чечиминен сырткары, “Апрель” телеканалын доогерлерге эфирдик убакыт берүүнү жана соттук чыгымдарды төлөр берүүгө милдеттендирди.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: