Президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабановдун иштери жабылыш керек. Бул тууралуу  мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель ТВ” телеканалына курган маегинде айтты.

Анын айтымында, Бабанов Он-Адырда кастыкты козутууну көздөбөгөн.

«Чындыгында Бабановдун иштери жабылыш керек. Чынында Бабановго рахмат айтыш керек. Бир жылда бир нерсе кылдыбы, айттыбы? Ынтымакты, тынчтыкты бузуш үчүн бир аракет кылдыбы?», – дед Алмазбек Атамбаев сурады.

Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековго Өмүрбек Бабановдун ишин жабыш керектигин айтканын белгиледи.

«Кийин менен Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны жана УКМКнин башчысы Абдиль Сегизбаевди чакырып Бабановдун иши каййрадан карап чыккыла деп айткам. Бирок маселе ачык бодон калган», – деди Атамбаев.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.