Кыргыз өкмөтү «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен Стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү шарттары боюнча түшүнүшүүгө жетишти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу жана анын күчүнө кирүү процедураларын аяктоо «Kumtor Gold Company» компаниясына Стратегиялык келишимде каралган, анын ичинде Жаратылышты өнүктүрүү фондуна жана Онкологияга колдоо көрсөтүү фондуна төлөмдөрдү жүргүзүүгө шарт түзөт.
Мындан тышкары «Kumtor Gold Company» Кыргыз Республикасына Стратегиялык келишимде каралгандан тышкары кошумча төлөмдөрдү салууга милдеттенди. Анын ичинде компания тарабынан:
- КР жаңы Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна $5 млн өлчөмүндө бир жолку төлөм;
- экинчи аяктоо мөөнөтүнөн кийин 12 ай бою Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна $5 млн өлчөмүндө бир жолку төлөм;
- Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна ай сайын Экинчи аяктоо күнүнөн кийин алынган «Kumtor Gold Company» компаниясынын дүң кирешесинин 0,4% эквиваленттүү чегерүүлөр;
- Жаратылышты өнүктүрүү фондуна $1 млн өлчөмүндө жыл сайын төлөм;
- «Кумтөр» кенинде эки жылдын ичинде $16 млн кем эмес суммада геологиялык чалгындоо программаларын каржылоо жүргүзүлөт.
«Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри белгилегендей, стратегиялык келишимдин аяктоосу Centerra менен Кыргыз Республикасынын бекем алакаларын күбөлөндүрөт.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кумтөр» долбоорунун өлкө экономикасы үчүн маанилүүлүгүн ар дайым баса көрсөтүп, биргелешкен чечимдерди кабыл алуунун бардык процесстеринин транспаренттүүлүгүн камсыздоо жана алтын кенинде экологиялык ченемдерди кынтыксыз сактоо зарылдыгын белгилеп келет.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: