Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдама: Өкмөтүнүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта премьер-министр президентке өкмөтүнүн мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна  Жогорку Кеңештин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.

Президенти Жогорку Кеңеш тиешелүү токтомду кабыл алынгандан кийин үч күндүк мөөнөттө өкмөттүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.