«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев жаңы коалицияны түзүп, СДПКны чыгарууну сунуштады.
Депутат өзүнүн демилгесин экс-президент Алмазбек Атамбаев оппозицияга өтүп, бирок парламенттеги коалицияда калганы менен тушүндүрдү.
«Биз мыйзамга жараша жаңы коалицияны тузүшүбүз керек. Же болбосо аянычтуулук жыйынтыкка келебиз», – деди Масалиев.
КСДПнын лидери Иса Өмүркулов Масалиевге каршы болуп, социал-демократтардын көбү бийликти колдоорун айтты.
Эскертсек, коалиция бузулса, өкмөт толугу менен отставкага кетет. Кийинки жумада премьер-министр депутаттардын астында отчетун окуйт. Эгерде депутаттарды отчет канааттандырбаса, анда Мухаммедкалый Абылгазиевдин командасын отставкага кетирүү маселеси талкууга алынат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: