Президент Сооронбай Жээнбеков «КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңештин тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган. Аталган мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 3-октябрында «КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» мыйзамынын 12-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченем КР Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ экс-президентти ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилде жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун караштырбаган даражада карама-каршы келет деген чечим чыгарган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.