Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин башчысы кызматына Улукбек Кочкоровду сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Талапкер Баткен облусунун Кара-Бак айылында 1974-жылы туулган. Ишмердигин 1997-жылы УКМКне баштаган. 2010-жылы Жогорку Кеңештин 5 чакырымында “Ата-Журт” партиясынан депутат болуп шайланган.

2017-жылы президенттикке талабын коюп, шайлоочулардын 0,5% добушун чогулткан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.