Президенттин администрациясынын экс-жетекчиси Фарид Ниязовго кылмыш иши козголду. Ага карата арызды апрель окуяларынын катышуучусу Максат Чегирткеев жазган.

Чегирткеевтин маалыматы боюнча, 2017-жылы Фарид Ниязов Россиядагы Сочи шаарында реабилитациядан өтүүгөө тыюу салган. Дарылануу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин атайын эсебинде 200 миң сом бар болгон.

ИИМ бул маалыматты тастыктап, кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Фарид Ниязов, ички иштер министри Кашкар Джунушалиевге ачык кат жазып, өзүнүн оюн айтты. Экс-чиновниктин айтымында, Максат Чегирткеев 2010 жылы Кытайга жеткирилип дарыланган. Анын операциясына Саламаттык сактоо министрлиги 4 миллион сом бөлгөн. Каражаттын калганын Чегирткеев өз колуна же үй-бүлөсү менен Сочиге барууга берилет деп үмүттөнгөн.

Бирок, каражат бюджетке кайтарылган. Ниязов бул кылмыш ишти – саясат иш деп санаганын белгиледи.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.