Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) тарабынан текшерилет. Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.

Бирок, Финпол расмий түрдө бул маалыматты тастыктаган жок.

Эскертсек, 2018-жылдын декабрында, президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн пресс-конференциясында журналист Эльнура Алкановага Матримовдун мүлкүн текшерүү үчүн укук коргоо органдарына буйрук берүүнү убадалаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.