Президент Сооронбай Жээнбеков «КР Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жарлыктын негизинде Ички аскерлер КР Улуттук гвардиясынын курамынан чыгарылат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирет.
Жарлыктын негизги максаты — кабыл алуу коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик системасын жогорулатуу.
2014-жылы аскердик реформалоонун алкагында Ички аскерлер Куралдуу күчтөрүнүн системасына кирген Улуттук гвардиянын курамына киргизилген.
Ички аскерлердин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын курамында болуусу мамлекеттин ички коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматтык-күжүрмөн милдеттерди чечүүдө алардын потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.
Президенттин тарабынан өкмөткө Ички аскерлер жөнүндө жана айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: