Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди бүгүн, 13-июнда, расмий сапары менен  Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Нарендра Моди Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Расмий сапардын алкагында Нарендра Моди Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге коюу күтүлүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.