КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү айрым интернет-сайттарда, социалдык тармактарда жайылтылган, ошондой эле Жогорку Кеңештин жыйынында айтылган вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат жалган болуп саналарын жана тек гана чагымчыл мүнөзгө ээ экендигин билдирет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтар Жеңиш Разаковдун инсандык аброюна жана вице-премьер-министр кызматтык ишмердигине шек келтирүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарында жана коомчулукта буга чейин бир канча ирет жайылтылган. 

Жеңиш Разаков ички иштер органдарында эмгек ишмердигинин бардык баскычтарын басып өттү, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, андан соң бул аймактын жетекчиси болуп иштеген. Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар болушу анын бүтүндөй кызматтык ишмердиги бою байкалбай калмак эмес. Ушуга байланыштуу дагы бир ирет белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтын эч кандай негизи жок жана коомчулукту адаштырууда.

Муну менен бирге УКМК айтылган билдирүү боюнча  текшерүү жүргүзөт жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өз баасын берет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.