Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери Алмазбек Атамбаевге жана анын кеңешчиси Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппараттарын коюуну УКМК тарабанын “Форумдун” кызматкерине талап коюлган. Бул тууралуу КСДПнын мүчөөлөрү билдирди.

Алардын айтымында, УКМКнын кызматкеримин деп “Форумдун” кызматкерин кызматташууга чакырган. Жолугушуудан кийин кызматкерге электр улоочу зымдар берилген. Алардын ичинде “тыңшоочу аппараттары” орнотулган тасманы КСДП таратты.

“Биз сен жөнүндө баарын билебиз. Ата-энең мамлекеттик кызматкер экен. Макул болбосоң алар жумуштан кетип калышы мүмкүн. Же болбосо сага компромат табып коебуз”, – деп “УКМКнын кызматкерели” “Форумдун” кызматкерин коркутушкан.

Эскертсек, партиянын басма сөз кызматы бүгүн, 24-майда бул фактылар боюнча атайын пресс-конференциясын өткөрөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.