Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Жээнбековдорду Райым Матраимов менен жакын байланыш экендигин билдирди. Бул билдирүүнүн себеби Матраимовдун эес-президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуусу болду.

Социал-демократтардын айтымында, бул кадамды ак үйдүн адамдары даярдап Матраимов менен Жээнбековдордун кызматташынан көңүлдү буруп жатышат.

«Бир видео кайрылууда абдан көп жалган айтылды. Анын ичинде Алмазбек Атамбаевдин байланыштары тууралуу кеп да калп. Андыктан болбогон сөзгө комментарий бербейбиз. Атамбаевдин учурунда ал өзүнүн көлөкөсүнөн коркчу. Чындыгында, бери дегенде 2011-жылдан бери Жээнбековдор анын реалдуу калкалоочусу болгонун баары түшүнүп турат», – деп Жолдубаева басмалады.

КСДПнын өкүлдөрү Матраимов байлыгынын булагын айтып берсин деп талап кылышты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.