КСДПда жаңы жумушчу органдары түзүлдү. Бүгүн, 2019-жылдын 21-февралында партиянын кезектеги 18-съездине даярдык көрүүнүн алкагында КСДПнын Төрагасы Алмазбек Атамбаев партиялык ишмердүүлүктүн ар кандай багыттары боюнча КСДПнын комитеттери жөнүндөгү жобону бекитти. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди.
Жалпысынан 7 комитет жана бир кеңеш түзүлдү. Бул туруктуу иштеген жумушчу органдары болмокчу жана анын курамына КСДПнын мүчөлөрү гана эмес, бизге духу боюнча жакын партияда жок активисттер да кире алышат. КСДП өзүнүн тарыхындагы жаңы этапка кадам таштады жана бул партиялык жана коомдук диалог жүргүзүүнүн, ошондой эле коомдук демилгелерди реализациялоонун аянтчасы болуп калмакчы.
Партиялык курулуштун жаңы этабы башталды. Партиялык реформанын башкы максаты – жөн гана жаңылануу эмес, ошондой эле өзгөчө маанилүү болгон партиянын катардагы мүчөлөрү менен жетекчилигинин, ошондой эле партиянын баштапкы уюмдары менен КСДПнын борбордук органдарынын ортосундагы бекем жана туруктуу өз ара байланышты камсыз кыла турган институттарды түзүү. Партиялык тартипти күчөтүү, жер-жерлердеги партиялык ишти активдештирүү каралууда. Эски партиячылар да, партиянын жаңы мүчөлөрү биригип, жаңы форматтагы заманбап партия түзүшмөкчү.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: