Бишкек, Ынтымак Ордо, 2026-жылдын 11-августу – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссиянын жыйыны өттү. Жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун төрагалыгы менен болду.
Белгилей кетсек, «Эл үмүтү» Кыргыз Республикасынын Президентинин эл аралык стипендиясы Кыргыз Республикасынын таланттуу жана максатты көздөгөн жаштарын колдоо жана QS World University Rankings жана Times Higher Education дүйнөлүк рейтингдеринин алдыңкы 100 орунуна кирген алдыңкы чет элдик жогорку окуу жайларында магистратура жана докторантура (PhD) деңгээлинде билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында негизделген.
Маалымат булагы gov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: