КР президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын мындан ары өнүктүрүү максатында, Конституциянын 64-беренесинин 8-бөлүгүн жана 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

— Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын базасында Коргоо министрлигин түзүү максатка ылайык деп эсептелсин;

— КР өкмөтүнө ушул жарлыктан келип чыгуучу чараларды кабыл алуу сунушталсын.

Эске салсак, эки жоюлган ведомство коргоо министрлигинин негизинде түзүлгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.