Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө байланыштуу КР президенти Сооронбай Жээнбековго бир катар мамлекеттин башчылары өз куттуктоолорун жиберди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирет.

Президенттин атына куттуктоо каттарды Португалиянын президенти Марселу Ребелу де Соуз, Мальтанын президенти Мари-Луиз Колейро Прека, Чехиянын президенти Милош Земан, Тунистин мамлекет башчысы Беджи Каид Эссебси, Австриянын Федералдык президенти Александр Ван дер Беллен, Кореянын президенти Мун Чжэ Ин, Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халиф бин Зайед Аль-Нахайян, Ирандын Президенти Хасан Рухани, Япониянын императору Акихито, Индия Республикасынын Президенти Рам Натх Ковинд, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев жиберди.

АКШнын президенти  Дональд Трамп  Кыргызстан элин жана президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Америка Кошмо Штаттарынын атынан Сизди жана Кыргыз Республисынын жалпы элин 31-августта белгиленген Эгемендүүлүктүн 27-жылдыгы менен куттуктайм. Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендүүлүгүн майрамдоо маалында 2018-жылдын сентябрь айында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү кубанычтуу окуясына байланыштуу дагы  биз эң жылуу тилектерибизди билдиргибиз келет. Акыркы жыйырма жети жылдан бери биздин өлкөлөр өз ара пайдалуу кызматташтык сый жана өнөктөштүк мамиледе болуп келет. Алдыга кадам шилтөө менен биз Кыргыз Республикасына жана жалпы эле Борбордук Азияга пайда алып келе турган регионалдык кызматташууга салым кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. АКШ менен Кыргыз Республикасынын элинин гүлдөп өнүккөн жана коопсуз келечеги үчүн биздин бекем достугубузду улантабыз деп ишенем», -деп белгиленет АКШнын президенти Дональд Трамптын  куттуктоосунда.

 

«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк Күнүнө байланыштуу Сизди жана боордош кыргыз элин чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Ортоктош тил, тарых, ишеним, маданият жана баалуулуктар менен биз байланышып турган Кыргызстан менен мамилелерибиз жана кызматташтыгыбыз келечекте  Сиздин зор салымыңыз менен дагы да өнүгө тургандыгына терең ишенем.

Турк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин VI Саммити жана Стратегиялык Кызматташуунун Башкы Кеңешинин төртүнчү жыйынына байланыштуу 2018-жылдын 1-3-сентябрь күндөрү Сиздин абдан ажайып кооз өлкөңүзгө келгенимде Жогорку мартабаңыз менен жолугуу мага кубаныч тартуулайт.

Учурдан пайдаланып Жогорку мартабаңызга ден-соолук, бакыт- таалай жана ийгилик, дос жана боордош кыргыз элине болсо тынчтык, бакубаттууулук жана амандык тилейм», — деп белгиленет Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын куттуктоосунда.

Россиянын президенти Владимир Путин президент Сооронбай Жээнбековго бекем ден -соолук жана ийгилик ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана бакубаттуулук каалады.

«Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы-Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Өз ара урматтоонун жана достуктун жакшы салттарына негизденген россиялык-кыргыз байланыштардын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилейм. Түрдүү багыттар боюнча конструктивдүү кызматташтык, ошондой эле Евразиялык  Экономикалык Бирликтин, ЖККУнун жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында эки тараптуу саясий диалог жигердүү өнүгүп жатат.

Биргелешкен аракеттер менен биздин мамлекеттер ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк  жана союздаштык мамилелерди бекемдөөгө мындан ары дагы умтула беребиз деп ишенем. Бул мамиле Россия менен Кыргызстандын элинин түпкү кызыкчылыктарына жооп берип, регионалдык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыздоо багытында бара жатканы шексиз» -деп белгиленет телеграммада.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.