Жогорку кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бабановдун кылмыш иши убактылуу токтотулган. Бул тууралуу парламенттин отурумда УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов билдирди.

Маалымат боюнча, саясатчынын шайлоочулардын астына чыгып сүйлөгөнү экспертизадан өтүп, кылмыш ишке тиркелген.

“Алар боюнча биз жоопту күтүп жатабыз. Ошондуктан, кылмыш иш убактылуу токтотулган”, – деди башкы чекист.

Эскертсек, кылмыш иш Кылмыш жаза кодексинин конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу беренелери боюнча козголгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.