Өткөн шейшембиде УКМК Бишкек шаарынын ЖЭБнун модернизацилоо боюнча кылмыш иштин алкагында бир нече аткаминерлерди камакка алды. Соттун чечими менен камакка үч социал-демократчылар алынды. Серепчи Марс Сариевтин айтымында, азыркы кырдаал КСДПнын экиге бөлүнгөнүн көрсөтөт.
Серепчи бул көп катмардуу процесс деп санайт. Бишкектин ЖЭБнин тегерегиндеги абалды Аскарбек Шадиев күчөттү. Анын качып кеткени президенттин рейтингин катуу төмөндөттү.
“Шадиевтин качып кеткени бийликке чоң зыян келтирди. Аны атайын эле качырып салгандай көрүнүп калды. Коомчулуктун астында Жээнбеков регионалдуу жетекчинин деңгээлине түштү. Буга байланыштуу президент түндүктөгү позицияларын жоготту. Абалды камактар менен оңдоп кетишти”, – деп серепчи белгиледи.
Сариевтин айтымында, президенттин рейтингин атайын кызматтар көзөмөлдөп турат. Акыркы кылмыш иш боюнча чечимдер коррупция менен күрөшүү жана Атамбаевтин позицияларын начарлатууга багытталган кадамдар десек жаңылбайбыз.
“Бүгүн КСПД экиге бөлүндү. Бул абал Атамбаевти конструктивдүү оппозицияга алып барат”, – деп серепчи жыйынтыктады.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: