2018-жылдын 5-июнунда КР Башкы прокурору КР ЖК депутаты О.Артыкбаевге карата “Бишкек ЖЭБ Модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесини 1-бөлүмүндө (Коррупция) каралган кылмыш белгилерине ылайык кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу МУКК басма-сөз борбору билдирди.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында КР ЖК депутаты О.Артыкбаев КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесини 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча каралган кылмышка шектүү адам катары КР МУКК Убактылуу кармоочу жайынын Тергөө камак жайына киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: