Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун ишин боюнча кайра отурум өттү. 

Генералдын жактоочулары Суталиновдун ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу жана Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну талап кылышкан. Жактоочуларды колдоп Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү Суталиновдун бошотуусуна каршы болгон жок.

Мамлекеттик айыптоочу Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырууну сураган. Сот кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, Мурат Суталиновду сот отурум залынан бошотту.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.