Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, мамлекет башчынын Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова ээлеген кызматынан бошотулду.

Жарлыктын негизи “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” деп жазылган.

Эскертсек, экс-премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Ахматованы кытайлык TBEA боюнча сотко чакырууну талап кылган. Бирок сот менен укук коргоочу органдар чиновникке сууробуз жок деп талапты четке кагышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.