Кыргызстанда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча иштер улантылууда. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 30-июнуна карата республика боюнча органикалык өндүрүшкө тартылган жалпы жер аянты 101 358,21 гектарды түздү.
Анын ичинен 11 кооператив эл аралык органикалык өндүрүш стандарттарына ылайык продукция өндүрүп жана кайра иштетет. Алардын 6сы 2025-жылы сертификат алган. Кооперативдер пахта, дары чөптөр, өрүк, төө буурчак, грек жаңгагы, мисте жана башка айыл чарба продукцияларын өндүрүп, кайра иштетип, ички жана тышкы рынокторго чыгарышат. Бул багыттагы аянт 11 392 гектарды түзөт.
Ошондой эле 37 аймакта органикалык өндүрүш үчүн PGS — катышуучулук кепилдик системасын киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул аймактарда негизинен жашылча-жемиштер өндүрүлүп, жергиликтүү рынокторго сатылат. Жалпы аянты 85 257,04 гектарды түзөт. Мындан тышкары, облустарда органикалык өндүрүш боюнча пилоттук жеке чарбалар уюштурулуп, аларга PGS жана эл аралык сертификация талаптары боюнча билим берилүүдө. Алардын жалпы аянты 4 709,17 гектар.
Органикалык өндүрүштү кеңейтүү, өндүрүүчүлөрдүн билимин жогорулатуу жана кыргызстандык органикалык продукциянын ички жана тышкы рыноктордогу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштер улантылат.

Маалымат булагы  egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.