Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Корея Республикасындагы, АКШдагы, Кытайдагы жана Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилерин дайындады. Буга тийиштүү жарлыка кол коюлгандыгын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыктарга ылайык, Динара Кемелова Корея Республикасындагы, Болот Отунбаев АКШдагы, Канайым Бактыгулова Кытайдагы жана Аликбек Джекшенкулов Россия Федерациясындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалышты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.