Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра кайтып келет.
Эскертсек, коомчулукта “Раим миллион” деп аталган Райымбек Матраимов өкмөттүн мурдагы башчысы Сапар Исаковдун чечими менен 2017-жылдын 23-ноябрында кызматынан бошотулган. Чечим “анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет” деп негиздеген.
Өкмөт менен Бажынын өкүлдөрү Матраимовдун жактоочусунун арызына каршы болбогондуктан, сот Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарды.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: