Юстиция министрлиги каттаган КСДПнын лидери Сагынбек Абдрахманов Алмазбек Атамбаевге кайрылып, фракциянын лидери катары ишмердигине тыюу салды.

Кайрылуусунда, Абдрахманов Юстиция министрлигинин каттоосуна ылайык, 2019-жылдын 3-апрелинен баштап лидери экенин эскертти. 

“Урматтуу Алмазбек Шаршенбаевич, мен, КСДПнын расмий лидери катары сизди фракциянын лидери деп саясий ишмердигиңизди токтотууга суранам”, – деп Абдрахманов кайрылган.

Андан сырткары, жаңы лидер партиянын герб мөөрүн, акча каражаттарын өткөрүп берүүнү талап кылды. 

Эскертсек, «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген Сагынбек Абдрахманов партиянын лидери болуп катталган. Юстиция министрлиги расмий түрдөө каттап, КСДПнын дарегин алмаштырган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.