Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин сурагынан чыккан Исаков өзү билдирди.

Исаковтун айтымында, ал ТВЕАнын өкүлдөрү менен эч качан жолуккан эмес. Талкуунун баарын Кытай элчилигинин өкүлдөрү аркылуу сүйлөшкөн. Журналисттерге экс-премьер шок болуп турганын белгилеп кетти.

Азыркы убакытта Сапар Исаковго “эч жакка чыкпоо” жөнүндө тилкатынын негизинде бөгөт чарасы бекитилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.