Экс-президент Алмазбек Атамбаев көп убакыттан кийин Бишкек шаарынын ЖЭБун реконструкциялоо боюнча билдирүү кылды. КСДПнын басма сөзү тараткан катты алып келебиз:

ЖЭБ: сүйлөшүүлөр.

ЖЭБди реконструкциялоо иши тээ 1995-жылдан бери эле пландаштырылып келген болчу. Бул мамлекеттик программалардын баарына киргизилген, бирок  аны каржылоо булагы табылбай келген эле. Жөнөкөй тил менен айтканда, реконструкциялоого акча таба алышкан эмес. Ошондуктан биздин эң биринчи милдетибиз ЖЭБди реконструкциялоого каражат булактарын табуу болду.

Адегенде биз албетте, үстөк пайызы эң эле төмөн болгон эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бирок алар бизге дароо эле электр энергиясына болгон тарифти кескин жогорулаткыла деген негизги талапты коюшту. Апрель ыңкылабынын келип чыгышынын башкы себептеринин бири так ушу электр энергиясына тарифти жогорулатуу болбоду беле, андыктан жакынкы жылдарда тарифти көтөрүү туурасында кеп болушу да мүмкүн эмес эле. Ошондуктан эл аралык кредиттик уюмдар менен болгон варианттан баш тартууга туура келди.

Кредит алуунун эки гана мүмкүнчүлүгү калды: же Россиядан, же Кытайдан алышыбыз керек эле. Ошол учурда кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында россиялыктар ЖЭБди реконструкциялоо иши боюнча өзүлөрүнүн сунуштарын беришти. Бул Новосибирск долбоорлоо институтунун долбоору эле, анда ЖЭБдин аймагында кубаттуулугу 130(кошкондо 260 мВТ.) мегаваттан турган жаңы эки блокту куруп берүү сунушталган. Алардын эсеби боюнча бул бизге 518 млн. АКШ долларына түшмөк.

Ошондой эле кытайлык ТВЕА жана СМЕС компанияларынан эки сунуш келип түштү. ТВЕА 150 мегаваттык (кошкондо 300 мВТ) эки блок куруп берүүнү сунуштаса, СМЕС ушундай эле эки блокту 135 мВТ.тан (кошкондо 270 мВТ.) куруп берели дешти. ТВЕА компаниясы реконструкцияны каржылоо Кытай өкмөтүнүн кепилдиги бериле турган ЭКСИМ банк аркылуу болорун ошол замат эле билдирди. Мындайча айтканда, бул каржы булагын да камтыган сунуш болду.

Натыйжада 2013-жылдын 28-майында КРнын Энергетика жана өнөржай министрлигинде «Электр станциялары» ААКнын жана ЖЭБдин адистеринин катышуусу менен өткөн кеңешмеде эксперттердин алдында жогоруда көрсөтүлгөн үч сунуштун бирөөсүн тандоо иши турду:

Эмнеге TBEA:

Россиялык Интер РАО ЕЭСтин баасы алда канча өйдө эле, бирок көптөр бул жерде: эмнеге кытайлык эки компаниядан ТВЕА тандалып алынган деген суроону бериши мүмкүн.

Биринчиден, ТВЕА жалпы кубаттуулугу 300 мВТ болгон эки блокту, СМЕС болсо – ошондой эле эки блокту жалпы кубаттуулугу 270 мВТ менен куруп бермек. 30 мегаватт деген айырма кандай болорун энергетиктер жакшы билишет. Мисалы, Ат-Башы ГЭСнин кубаттуулугу – 40 мВТ. Мындайча айтканда, 1 мВт үчүн 1-2 миллион доллардын тегериндеги дүйнөлүк орточо нарк менен алганда, ЖЭБдеги кошумча 30 мегаватт кубаттуулук 30-60 млн. АКШ долларына турмак.  Кытайда ТВЕА бир нече ЖЭБ жана алтымыш өлкөдө башка энергетикалык объекттерди куруптур.

Экинчиден, СМЕСтин сунушу башынан эле шектүү болчу. Иштин бир кызык чоо-жайын айта кетейин. Адегенде «Электр станциялары» ААКга ТВЕАдан керектүү бүт документтери бар билдирме кат келип түшкөн. Андан кийин СМЕС өзүнүн долбоорун жиберген эле. Бирок бул үтүр, катасына чейин сканерлеп, көчүрүлүп алынган ТВЕАнын эле кагаздары болуп чыкты. Болгону сметадан айрым объектилердин наркын алып салышкандыктан, долбоордун жалпы наркы да азайып калган. Мисалы, суммасы 24 миллион доллар турган эки позицияны алып салышкан. Маселен, түтүн чыгуучу морду алып салышкан. Жылуулук станциясын мору жок кантип курасың? «Электр станциялары» ААКнын жетекчилеринин бири айткандай, мору жок меш болобу? Ошентип керектүү нерселерди чийип салып, СМЕС сметасын 30 млн. долларга азайтып койгон.

Авариянын себептери

2018-жылдын 26-январындагы болгон авария ЖЭБдин эски цехиндеги манометрлердин тоӊуп калганынан башталган. Казандарга келип турган суунун деӊгээлин көрсөтүп турган бул прибор бузулуп, туура маалымат көрсөтпөй калган. ЖЭБдин адистери туура маалымат алганда суунун казандарга келип туруусун алдын ала камсыз кылмак, бирок кышкы сууктан цехтеги датчиктердин проводкасы тоӊуп калган. ЖЭБ директору Андрей Вопропаев казандардын иштеши үчүн келип туруучу суунун жетишпей калганына негизги себеп “адам фактору болгон”, “керектүү жабдуулар убагында күйгүзүлгөн эмес” деп ачык эле айткан.

Авариялык кырдаал жаңыланган ЖЭБдин жаңы казан агрегаттары чен өлчөмдөрдү чегинде кармап калганынан улам гана кыйроого айланып кеткен эмес. Бирок жадагалса, бул жаӊы казан агрегаттарды да авария болгондон кийин дароо эле күйгүзбөй, 30-январда гана араң күйгүзүшкөн! Шаардагы жарыкты өчүрбөй, алдын алып калган да так ушул жаңы агрегаттар болгон. Анткени ЖЭБ жылуулуктан тышкары электрди да иштеп чыгат эмеспи.Жаңы ЖЭБдин кубаттуулугу болбогондо Бишкектеги «Главная» жана «Ала-арча» подстанциялары мынчалык жүктү көтөрө алышмак эмес.

Коомчулукту авария ЖЭБдин эски жагында эмес, реконструкцияланган бөлүгүндө болду деп ишендирип коюшту. Бирок, катардан 60-жылдары орнотулган эски жабдуулар  чыккан болчу.

ЖЭБди реконструкциялоо туурасындагы келишимден химцехтин «уурдалып» кеткени жөнүндөгү калптын чоо жайы да өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Бишкек шаардык ЖЭБди ТВЕА компаниясы тарабынан модернизациялоонун долбоорунда «иштеп жаткан ХСТты (химиялык суу тазалоо) пайдалануу мүмкүнчүлүгүн эксперттик аныктоо» деген 2.7 пункт турган. Анда «негизги циклди камсыздап туруу үчүн жаңы химиялык даярдоону» куруу каралган. Бирок 2014-жылы ЖЭБдин мурдакы жетекчилиги өзү жаңы химцехти куруунун зарылчылыгы жок деп туруп алган. 17-жылдын июлунда, кыйроо болоордон жарым жыл мурда гана «Электр станциялары» ААКнын өкүлдөрү ТВЕАнын өкүлдөрү менен биргеликте химиялык суу тазалоо цехин куруу керектиги жөнүндө чечим кабыл алышкан. Мындайча айтканда, кадыресе шалакылык жана иштин көзүн билбегендик ачык көрүнүп турат. Мунун кесепетинен улам химцех эми араң ТВЕА тарабынан курулуп бүткөрүлүүдө.

ЖЭБдеги кыйроонун себеби кенебестик жана шалакылык болду. ЖЭБдин суукка тоңгон эски участокторунун сүрөттөрүн баарыбыз көрдүк, бул участоктор кышка карата даярдануу убагында ремонттон өткөрүлүүгө тийиш эле. Бирок тергөөнү ЖЭБди кышка даярдагандар, ЖЭБдин эски бөлүгүн сынган терезеси, тешилген чатыры менен калтыргандар кызыктырбайт. Жогоруда айтылган манометрлер менен жабдуунун импульстук линиялары болсо так мына ушундан улам тоңуп калган.  Ошол эле убакта ЖЭБдин эски цехтерин ремонттоо үчүн 2016-жылы 472 млн. сом, ал эми  2017-жылы 408 млн. сом каражат бөлүнгөн!

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.