“Русгидро” Кыргызстанды Гаагадагы эл аралык сотко берүү үчүн доо-арызын даярдап жатат. Бул тууралуу россиялык компаниянын башчысы Николай Шульгинов акционерлердин жыйынында билдирди, деп жазат РИА Новости.

“Кыргыз тарабынын чакыруусу боюнча биздин өкүлдөр эртең сүйлөшүүлөрдү уландыруу үчүн барышат. Бирок биз оң натыйжаны күтпөйбүз. Биз сүйлөшүүлөр менен катары Гаагадагы эл аралык сотуна доо-арызыбызды даярдап жатабыз, бул тууралуу кыргыз тарабына айтылган”, – деп Шульгинов айтты.

Эске салсак, “Русгидро” Жогорку Нарын ГЭСинин каскадын жана Камбар-Ата 1 ГЭСинин курууга 2012-жылы кол койгон. 2016-жылы КР келишимди бир тараптуу бузуп, натыйжада компания сарптоого жетишкен 37 миллион долларды кайтарууну тап кылууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.