КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык Зууракан Каденова Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Бирок премьердин буйругунда чиновникти кызматтан алган себеби жазылган эмес. Бирок, бүгүн Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунда учакка мас абалында кирип чыр чыгарган маалымат тараган. Бул тууралуу алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн баракчасына жазып чыккан.


Маалыматты кыска кабары менен Тышкы иштер министрлиги тастыктады.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.