Мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик, сынчы, адабиятчы, учурда Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын президенти, КР Жогорку Кеңешинин мурдакы Төрагасы Абдыганы Эркебаев:

– Кубанычбек Жумалиевдин айланасында социалдык түйүндөрдө козголуп жаткан окуялар, тактап айтканда, “Чоң Казат” кыймылы менен болгон тирешүүсүнүн келип чыгуусун 2 себебин көрүп турат: Негизи өлкөдө туруктуулук жоголуп же алсызданып турган учурларда, ар кандай күчтөр ойгонот, бирок алар жакшы да, ошол эле учурда да жаманда күчтөр болушу мүмкүн. Мисалы карантин учурунда канча деген фонддор, уюмдар, жөнөкөй жашоочулардан түзүлгөн ыктыярчылардын топтору элге ар түрдүү жардам көрсөтүп жатышты. Бирок, тилекке каршы, ошол эле учурда, кандайдыр-бир түшүнүксүз максаттарды көздөгөн, жакшыны көрө албаган, тополоң чыгаргысы келген кыймылдарда да пайда болуп, чагымчылыктарды жасашууда. Элибиз чоң илдетке кабылып, бүгүнкү күнгө чейин андан кутулуунун аргасын таппай, жумушсуз калып кыйналып турган учурда, бири-бирибизге мээрман, кайрымдуу болуп, колдоо көрсөтүп, ушул абалдан чыгып кетүүнүн жолун бирге табуунун, биримдикти көздөөнүн ордуна көйгөйдөн көйгөй жаратып, кырдаалды козугуп, коомдук пикирди тескери нукка бургусу келген кыймылдарда чыгууда. “Чоң Казат” кыймылынын жемкорлорго каршы күрөшүн мен деле колдойм, анын башкы мүчөлөрүнүн ачык айтып, эл менен ачык сүйлөшүп турганын баалайм. Бул максат мурдатан бери эле менин да принциптеримдин бири болуп келген, бул тууралуу айтып да, жазып да жүрөм. Бирок мындай иш-аракеттерди тек гана бир адамдын дарегине үстөмдүк жасап, аны жаманаттуу кылып, чукулап, тар максатта жасап жатышканы бул туура эмес. Ушул кыймылдын лидерлери өзүлөрү учурунда мамлекеттик органдарда иштешчү экен, анда неге алар дал ушул паракорчулук менен күрөшүүгө мүмкүндүк берген кызматта туруп, ошол учурда азыркы ысымдарды атап, жалпы элдин алдында күрөш жарыялаган эмес? Күрөшүүнү уланта беришсин, бирок коомчулукка бүлүк түшүрүп, элди эки тарапка бөлүп, ансыз да жыргап кетпеген абалды куурчутуунун кереги жок.

Мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан, ошол эле учурда, өзүнүн жеке ишкана, заводдору, бизнеси бар аткаминерлер жалгыз эле Жумалиев эмес да. Эгер мындай саясатчылардын санын улап чыга турган болсок, анда мындайча айтканда жүздөп, миңдеп чыгышы мүмкүн. Андыктан мындай олуттуу күрөштө, айыптоодо бардык саясатчыларга карата принцип, күрөш бирдей болушу керек. Антпесе адилеттүүлүк, паракорчулукка каршы күрөштүн өзү адилетсиз болуп калат. Келе жаткан шайлоого жакын аралыкта пайда болгон мындай кыймылдын аркасында кандайдыр-бир саясий чоң күч тургандай туюлат, убакыт өзү көрсөтөт эми. Эл арасында К. Жумалиев А. Акаевдин лаборанты экен деген имиштер жүрөт, бул андай эмес. Бул эки инсан илимий чөйрөдө, тактап айтканда, маалыматты каттоонун, жаздырып алуунун ыкмаларынын бири болгон голография илимий кубулушунун изилдөө учурунда жолугушуп, бирге бир багыт боюнча бир жерде иштешип калышкан. Ал учурда А.Акаев Санкт-Петербургдан окуп келген мезгил болчу, андыктан К.Жумалиев анын түздөн-түз лаборанты, окуучусу деген кептер чындыкка жатпайт. 1992-жылы мен КРнын вице-премьер-министри болуп турган кезде, Жумалиев КР УИАсында лабораториянын башчысы болуп турган кез, анда ал илимдин кандидаты болууга жетишип, жаш, таланттуу окумуштуу катары аты чыгып калган эле. Илимий багытты мен көзөмөлдөп тургандыктан, Жумалиевдин көптөгөн долбоорлорду сунуштап, өзгөчө жаңы инновациялык технологиялар агенттигин ачалы, замандан артта калбайлы деген чакырыктарын, аракеттерин угуп, билип жүрчүмүн. Өлкөгө, өзгөчө илим, билим, маалымат жаатына жаңы технология алып келүүгө аракеттенген мээнеткеч кадрды бийликке тартуу бул жаман нерсе болбосо керек деп ойлойм. Кыскача айтканда, Жумалиев бийликке базардан кокус келип калган киши эмес, же Акаевдин жеке тапшырма, суранычтарын аткарып, теңтуш болуп жүрүп бийликке чакырылган эмес. Өз мээнети, жаңы идеялары, пайдалуу көз-караш, кадамдары үчүн көзгө илинип, саясатка аралашкан адам.

Ал эми 2005-жылы элдик төңкөрүш болуп, бийлик алмашкандан кийин, К. Жумалиев Илимдер академиясына кайтып келип, 10 жылдай саясат майданындан такыр алыстап, илимий кызматта гана эмгектенип, түрдүү долбоорлорду, илимий-изилдөөлөрдү бышырып, бул багыттагы эмгектери үчүн мамлекеттик сыйлыктарды алып жүрдү. Анан максатына жетип, бул багыт боюнча комитет түзүлүп, аны 2 жылдай башкарды.

2005-2009-жылдары лабораториянын илимий жетекчиси, УИАнын физика Институтунун лабораториясынын башчысы, 2009-2015-жылдары УИАнын физика-техникалык көйгөйлөр жана материалтаануу Институтунун директору, Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин “Информатика жана эсептеп чыгаруучу техникалар” кафедрасынын жетекчиси болуп эмгектенген. Баса белгилеп кетчү нерсе, ушул жылдардын аралыгында ал илимге кызмат кылуудан тышкары, өзүнүн жеке бизнесин да жүргүзүп келген. Ал эми 2015-жылы кайра депутат болуп бийликке келгенде, өзүнүн бизнестерин, болгон ишканаларын өзүнүн ишенимдүү өкүлдөрүнө өткөрүп бергенин билем. Менимче, ар бир адам өзүнүн чөйрөсүндө, өзүнүн кесибинде эң мыкты болууга умтулушу керек. Ал эми Кубанычбек Жумалиев илимпоз катары мыктылыгын далилдеген инсан. Ал 100дөн ашуун илимий эмгектерди жараткан, анын илимий-изилдөөлөрүнүн натыйжасында өз өлкөсүндө жана чет өлкөдө 17 монография, 350 дөй макалалар жарыяланган. Бир нерсени жакшы түшүнүп алуу керек: Өз ишиңди майын чыгара жасоо – бул мамлекетке кошкон салымың. Менин баамымда, Кубанычбек Жумалиев саясатты жакшы түшүнөт, ишкердикке жөндөмдүү, бирок ал тубаса илимпоз жана анын жан дүйнөсү илимге гана арналгандай. Андыктан аны жакшы билген адам катары Жумалиев тубаса саясатчы же бизнесмен деп айтуу мен үчүн кыйын.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.